“Ысык-Көлдө жер тиртирөөдөн жапа чеккендер өкмөт бөлүп берген акчаларын банктардан ала албай жатышыптыр”,- деп билдирди депутат Жоомарт Сапарбаев 24-декабрда Жогорку Кеңеште. Анын билдиришинче, жапа чеккендердин көпчүлүгүнүн үйлөрү банктарда күрөөгө коюлган.
“Өкмөт башчы Жогорку Кеңеште “бөлүнгөн каражатты Тоң районунун эли тойго жумшап жатат” деп айтты эле. Бирок эл тойго акча сарптамак турсун, банктагы акчаларын ала албай отурат. Өкмөт башчынын эл менен жолугушуусун өтүнүшүүдө. Андан сырткары жарака кеткен үйлөрдүн саны кошулуп, 300гө жетип калганын айтышты”,- деди Сапарбаев.
Айта кетсек, өкмөт Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдө зыянга учураган үй-бүлөлөргө 50 миллион сом ссуда бөлгөн.