Жогорку Кеңеште 24-декабрда өлкөдө букмекер кеңселеринин ишине тыюу салуучу мыйзам долбоору каралууда. Демилгечилердин айтымында, жарандар букмекердик кеңселерге көз каранды болуп, жапа чегип жаткандыктан улам ушундай мыйзам даярдоо зарылдыгы келип чыкты.
Депутат Абдыманап Кутушев: “Тыюу салуу менен букмекердик кеңселерди жоё албайбыз. Казинолорду деле жабалы деп мыйзам чыгарып, жаба албай отурабыз го”,- деди.
Бирок демилгечилер: “Кесиптештерибиз бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатышат. Мына, адам өлтүрүүгө каршы мыйзам бар, бирок адамдарды өлтүрүп эле жатышат. Ошол эле учурда мыйзам иштеп жатат. Азыр биздин бул сунушубузга каршы сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр, бирок мыйзамды колдошубуз керек”,- деп билдиришти.
Депутат Надира Нарматова букмекердик клубдар айрым чиновниктерге таандык экенин айтты.