"Өкмөттөгү акыркы кадрдык алмашуулар - тийиштүү тармактарды алдыга жылдырууга жасалган аракет". Мындай пикирин КСДП фракциясынын лидери
Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 24-декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.
Турсунбеков Саламаттыкты сактоо министрлигине 20 жылдай чет
өлкөдө иштеген Талантбек Батыралиев келгенин, анын тажрыйбасы тармакка өзгөртүү киргизүү үчүн маанилүү экенин айтты. Билим берүү жана илим министрлигине Эльвира Сариеванын дайындалышы менен билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү идеяларын ишке ашыруу үчүн ага мүмкүнчүлүк берилгени белгиленди.
"Айыл
өкмөт башчылыгынан тартып Жогорку Кеңештин депутаттыгына чейинки жолду басып өткөндүгү эске алынып, эмгек, миграция, жаштар министрлигине Айбек Азыранкуловдун талапкерлиги жактырылды. Өкмөттүн социалдык тармакты жетектөөчү
вице-премьер-министрлик кызматына депутат Дамира Ниязалиеванын талапкер болушунда анын Жогорку Кеңеште 4 жылдан бери Социалдык саясат боюнча комитетти жетектеп,
социалдык көйгөйлөрдү мыкты билгендиги эске алынды",- дейт Турсунбеков.