Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңеш "Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” жана башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, мыйзам долбоорунда Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү менен чет мамлекеттик жарандардын турак жай сатып алуу укугун чектөө каралат. Бул мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоону көздөйт. Ошондой эле мыйзам долбоору менен турак жай маселесин жөнгө салууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тизмегинен чет өлкөлүк жарандарга турак жайларды алуусуна макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды алып салуу сунушталат. Андан сырткары документ кош жарандуулукка ээ болгон жарандарга мамлекеттик, мунципалдык кызматтарга келүүсүнө каршы иш алып барат.