Кыргызстанда байытылган унду пайдаланууга байланышкан мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды

“Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңеште 2-окууда кабыл алынды. Демилгечилер адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75 пайызы дандан алынарын айтышып, данды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементтердин 80 пайызы улпакка чыгып кетерин билдиришти. Нан унун байытуу аркылуу эне менен баланын ден соолугундагы темир жетишсиздиги жоюлары кошумчаланды. 

Мындан сырткары жогорку жана 1-сорттогу ундар сөзсүз түрдө премикс каражаты менен байытылышы милдеттендирилип жатканы, бул ири ун комбинаттарына тиешелүү экени белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан