Парламент букмекердик кеңселерди жаап салууга байланышкан долбоорду 1-окууда жактырды

Букмекердик кеңселерди жаап салууга байланышкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 24-декабрда 1-окууда кабыл алды. 

Демилгечилер букмекерлер менен тотализаторлор кумар оюндарына берилип кеткен адамдардын, баарынан мурда инсандык сапаттары калыптана элек жаштардын адеп-ахлактык жана психологиялык абалына терс таасир көрсөтүү үчүн бардык шарттарды түзүүнүн негизи болуп жатканын айтышты. Маалыматка караганда, учурда республика боюнча 107 букмекердик кеңсе бар жана алардан ай сайын 6 миллион сом каражат түшөт.

Суроо-жооп маалында долбоор аркылуу киргизилип жаткан түзөтүүлөр, жаңы түшүнүктөр мындай иштер менен алектенгендерге каршы козголгон иштерде далилдөө базалары толукталары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан