Украина Крымга электр энергиясын берүүнү толук токтотту. Муну 24-декабрда тийиштүү органдарга шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары жарыялашты. "Бүгүн саат 11:10до Украина Крымга электр кубатын жеткирүүнү эскертүүсүз токтотту",- деп билдирет Крымдын отун жана энергетика министри Сергей Егоров.
Кечээ, 23-декабрда Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов Украинадан электр энергиясын алуу келишими түзүлгөнүн билдирип, Крымга электр кубаты үзгүлтүксүз берилерин кабарлаган эле.