“Кыргызстандагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңеште каралды.
Демилгечилер "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" жана "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдардын жоболору бири-бирине каршы келип жаткандыктан, ушул мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтышты. Анткени лицензия алгандар, мамлекеттик органдар жана соттор эки мыйзамдын ченемдерин өз билгениндей колдонорун белгилешкен. Мындан тышкары лицензияга болгон салык аянттын өлчөмүнө карата салынмакчы. "Компаниялар мамлекеттен ондогон арзан лицензияларды сатып алып, кайра сатып жүрүшөт. Сатылбаса, өткөрүп бербей кармап отурушат. Ошондуктан жоопкерчиликти күчөтөлү деп жатабыз",- дешти демилгечилер.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.