"Бардыгы милициянын колунан келе бербейт, эл да жардам бериш керек" дейт ички иштер министри

Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин бүгүн, 24-декабрдагы иш сапары Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагындагы милиция бөлүмүнөн башталды. Алгач андагы аймактык милиция кызматкерлеринин иши менен таанышып, алардын көйгөйлүү маселелерин укту. Андан соң милициянын генерал-майору Жоломан Шаршенбаевге багышталып куран окулду.

“Жоломан Шаршенбаев орган кызматында бир канча жыл үзүрлүү эмгектенип, таза иштеген инсандардын бири эле”,- деди Мелис Турганбаев.

Ошондой эле министр жергиликтүү эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

“Иш сапардын негизги максаты - эл менен милициянын ортосундагы байланышты жакындатуу. Эл аралап сүйлөшпөсө, көп нерсе билинбей калат экен. Бардыгы милициянын колунан келе бербейт, эл да жардам бериш керек. Ошондо коомдук тартип сакталат”,- деди Турганбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан