Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн, 24-декабрда Нарын облусуна иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда электр жарыгын берүүдөгү 700 киловаттык чек, 11-декабрда күчүнө кирген жаңы тарифтер талкууланды. Министр бул боюнча тургундарга түшүндүрмө бергени айтылды.
Бийик тоолуу аймакта жашагандарга электр энергиясынан жардам берүү сунушу айтылып, бирок министр жаңы тарифтерди өзгөртүү мүмкүн эместигин билдирди.