Вице-премьер-министр Валерий Диль 24-декабрда Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдун жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Диль өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоодо аталган завод маанилүү ролду ойной турганын билдирди. "Токмок мунайды кайра иштетүүчү заводу белгиленген мөөнөттө ишке кириши керек. Ишке киргенден кийин чийки зат базасы жок, иш токтоп калбашы үчүн жетекчилик заводду чийки зат менен камсыздоо маселесин дагы бир жолу карап чыгышы шарт",- деди Диль.
Айта кетсек, аталган завод жылына 500 миң тонна мунайды кайра иштеп чыгууга ылайыкташкан. Бензин, жеңил дизель майы, суюлтулган газ жана башка продукция чыгармакчы.