Шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында өтүүчү Дүйнө биринчилигинин катышуучуларына 192 000 сом бөлүндү
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 7-19-ноябрында Марибор шаарында
(Словения) өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун катышуучуларына транспорттук чыгымдарын төлөө үчүн 192 000
сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.