Айбек Азыранкулов, министрликке талапкер: “Мигранттардын көйгөйүн чечүүгө абдан аракет кылам”

“Мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө абдан аракет жасайм”,- деп билдирди эмгек, миграция жана жаштар министрлигине талапкер Айбек Азыранкулов 24-декабрда SUPER.KG порталына. Негизги максаты мигранттар менен жакындан иштешүү экенин айткан Азыранкулов буларга токтолду:

“Кыргызстандын жаштары Орусия, Казакстан жана Арабия мамлекеттерине агылып жатышы жумушсуздукка байланыштуу болууда. Жумуш болсо да, айлыгы аз. Ошондуктан биз саясий иштер менен гана алектенбей, коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүп, мигранттарга патентти жеңил жол менен алуу, жумуш орундарын түзүп берүү маселелерин чечүү аракетин көрүшүбүз зарыл. 2015-жылдын май айында Евразиялык экономикалык союзга киребиз. Албетте, бул өзгөчө Орусия жана Казакстандагы мигранттарга жакшы шарт түзөт”.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 24-декабрда Айбек Азыранкуловду эмгек, миграция жана жаштар министри кылып шайлады

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан