Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 24-декабрда макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Премьер инфляция жана экономикалык өсүш боюнча сөз кылып, Кыргызстандагы азыркы каржылык кырдаалды Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен талкуулаганын айтты. "Улуттук банк менен бирге валюталык рынокто жүрүп жаткан процесске туура чара көрүшүбүз маанилүү. Өкмөт Улуттук банк менен тыгыз иштешүүдө",- деди өкмөт жетекчиси.
Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк өлкөнүн каржылык рыногун турукташтыруунун үстүндө 3 айдан бери иштеп жатканын билдирип: "Бул аралыкта Улуттук банк 44 валюталык интервенция жасады",- деди.