Ош. Жыл ичинде дин жаатында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылат

Бүгүн, 25-декабрда Ош облусунда 2014-жылда дин жаатында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылат. Анда элге динди жайылтуу жана диний кырдаалдагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, мечиттердин курулуштары, каттоодон өткөрүлүүсү жана жаңы курулган мечиттер, үгүт-насаат иштери, ажылыкты уюштуруу жана каржылык маселелер боюнча жетишкендиктер менен кемчиликтер каралып, жалпысынан Ош облусунун жети районунун башкы имам-хатибдеринин маалыматтары угулат. Жыйынтыгында уюштуруучу катары Ош облусунун мусулмандар казыяты чечим кабыл алып, иш-аракеттерге баа берет. Бул тууралуу облустук казыяттан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жыйын Ош облусунун мусулмандар казыяты тарабынан уюшулуп, Ош облустук көркөм-сүрөт музейинин жыйындар залында өткөрүлмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан