Адис: "Евразиялык экономикалык биримдигинде кыргызстандык тигүү ишканаларына эт, сүт өндүрүүчүлөргө караганда жеңил болот"

Евразиялык экономикалык биримдигинде кыргызстандык тигүү ишканаларына эт, сүт өндүрүүчүлөргө караганда жеңил болот. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынында КРнын Рыноктор, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди.

Анын айтымында, быйыл теоретикалык жактан жана документтер менен иш жүргүзүлсө, 2015-жылы мунун баарын ишке ашыруу иш-чаралары өтөт. "Кыргызстандык эт, сүт өндүрүүчүлөр техникалык регламенттин айрым талаптарына жооп бере албайт. Товарларын экспорттой албай калышы мүмкүн. Ошол эле учурда тигүү ишканалары үчүн жеңил болот, анткени алардын продукцияларына катуу талаптар коюлбайт",- деди Пономарев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан