Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыштын бетин ачуу талабы менен бүгүн, 25-декабрда Бишкекте нааразычылык акциясы өтүүдө. Жогорку Кеңештин алдына 20дай адам чогулуп, алар К.Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачылганга чейин башкы прокурор
Аида Салянованын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
Эске салсак, киши колдуу болуп каза тапкан Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө айрым белгилүү адамдардын катышы болушу мүмкүндүгү айтылган. "Алардын арасында "Мекен шейиттери" уюмунун мурунку жетекчиси Осунбек Жамансариев жана башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Салянов бар болушу мүмкүн" деген сөздөр тараган.