Бүгүн, 26-декабрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Соода жана экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 8-жыйыны өтөт. Ага биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш төрагалык кылышат.
Жыйында тараптар облустардагы өнөр жай, айыл чарба, транспорт, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелерин талкуулашмакчы. Соңунда кызматташтык боюнча комиссиянын протоколуна кол коюлат.