Баткен облусунун Булак-Башы жайлоосунда белгисиз адамдар 9 турак жайды өрттөп кетишти

Баткен облусунун Булак-Башы жайлоосунда 9 турак жай белгисиз адамдар тарабынан өрттөлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, 24-декабрь күнү саат 19:00 чамасында Баткен облустук өрткө каршы башкармалыгына Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Булак-Башы жайлоосунда элдин жайкы мезгилде убактылуу жашап туруучу 9 турак жайы күйүп кеткендиги жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.

Маалыматка ылайык:

1. 1980-жылы туулган Акынбек Назаралиевдин 2 бөлмөлүү эки турак үйү;

2. 1970-жылы туулган Абдыллажан Улукбековдун 3 бөлмөлүү турак жайы жана 1 мал сарайы;

3. 1972-жылы туулган Сайдахмат Тиллабаевдин 2 бөлмөлүү турак жайы;

4. 1973-жылы туулган Элчибек Тайлановдун 2 бөлмөлүү турак жайы, 1 бөлмөлүү ашканасы жана 1 бөлмөлүү отунканасы;

5. 1977-жылы туулган Маматжан Жаркыновдун 1 бөлмөлүү турак жайы;

6. 1976-жылы туулган Ачылбек Жаркыновдун 1 бөлмөлүү турак жайы;

7. 1971-жылы туулган Мансур Тиллабаевдин 2 бөлмөлүү турак жайы, 1 бөлмөлүү ашканасы, 1 бастырмасы;

8. Нарбек Султановдун 3 бөлмөлүү турак жайы, 1 ашканасы, 1 мал сарайы өрттөлгөн.

Жалпысынан Булак-Башы жайлоосунда 8 жарандын 9 турак жайы атайын өрттөлгөндүгү аныкталып, атайын өрттөө фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Булак-Башы жайлоосу Тажик Республикасынын Ворух аймагынан 12 чакырым аралыкта жайгашкан. Учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
shutUP
2014-12-26 10:24:42
Ворух деген островдон жапайылар келип орттоп кетти да. . .
+11
aruuzat88
2014-12-26 10:27:56
shutUP, Туура айтасыз.
+1
tolkun85
2014-12-26 10:57:48
туу!!!эмне деген щумдук чын эле тажиктер болсо 2эсе кылып толотуш керек
+3
Akmosha
2014-12-26 11:03:29
Тажиктер орттойт да атайлап,толотуп ала алышат бекен Эми бийлик.
+2
kama_future_millioner
2014-12-26 11:12:51
Тажиктер эле кылса керек бул нерсени
+2
temirov76
2014-12-26 11:41:53
Негизи тажиктер ушул кезге чейин келтирген чыгымдарын тологонбу озу?
+4
Lintel
2014-12-26 11:58:11
temirov76, жок толонгон эмес толобойт дагы чыгымды, бекер айтылган создор озубузду озубуз алдамай. Мелис айткан апенди бийликтин колунан эч нерсе келбейт деп
+4
kg.sity93
2014-12-26 14:08:07
Тажиктер орттоптурбу чын эле..орттосо мыйзам чегинде жазасын алышсын..
0
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-26 14:57:23
Мыйзам только озубуздун карапайым калкка иштейт. Кошналардан корксонор биздин патриотторго жооп керчиликтен жоо койгула зубуз толотолу
+2
amanatym
2014-12-26 17:31:30
кыйын эле болду бизге
0
Kars
2014-12-27 02:41:37
Атамбайып ХХХ ХХХ ХХХ... алабыз го
0
admin_portal
2014-12-29 09:49:48
Kars - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан