Кыргыз өкмөтү өлкө аймагындагы жапайы жаныбарлардын санын эсептей албай жатат

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаарында Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин жыл жыйынтыгын чыгарууга багытталган жыйынында өлкөдөгү жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу кыйынга туруп жаткандыгы айтылды. Бул маалыматты департаменттин жетекчиси Алмаз Мусаев билдирди.

Учурда жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу кыйын болууда. Маалыматтарга ылайык, алардын саны 2010-жылдан тарта 3-4 миңге өскөн. Чындыкка келгенде, мисалы, кийик жана сейрек кездешүүчү жандыктардын саны жыл санап азайып жатканы байкалууда. Ошондой эле аймактарда карышкырдын саны өсүп, айылдарга чейин кирип жатканы баарыбызга белгилүү. А бирок аймактардагы айрым өкүлдөр буга чейин карышкырлардын азайганын айтышкан болчу. Тилекке каршы, айрым учурларда берилген маалыматтар коомчулукта кайчылаш пикирлерди жаратууда. Ошол себептен сандар тууралуу маалымат берерде тагыраак бололу”,- деди Алмаз Мусаев.

Жыйындын алкагында Баткен облусунда бал челектерди уюштуруу иштери аксап жатканы, мыйзамсыз аңчылык күч алып, алар менен болгон соттук териштирүүлөрдө алар кыйын жактоочуларды жалдап алып жаткандыгы айтылды. 

Эң негизгиси, биздин департаменттин өкүлчүлүктөрүндө материалдык базаны чыңдоо боюнча иш-аракеттерди ыкчам жүргүзүү зарыл. Жакында болуп өткөн текшерүүлөрдүн натыйжасында токойлорду көзөмөлдөгөн кызматкерлерибиз “GPS-навигаторлорду” колдонгонду билбей тургандыгы аныкталды. Бул ишти артка тартып жаткандыктын белгиси”,- деп кошумчалады А.Мусаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bazar
2014-12-26 16:43:29
Россия Казакстанга тентиген документи бар адамдарынын санын билбей жатканда, жапайы жаныбарларды кантип санап чыгат?..
+1
Pegazka
2014-12-26 18:17:08
japaiy.janybar emes
0
Dadin2
2014-12-26 20:05:55
Бюджеттен акча болуп бергиле, эсептеп алышсын..))
0
Kars
2014-12-27 03:12:07
Туркторго охотога дагы разрешения сатсанар аркар кулжалар дагы сосеттерге качса азайып эсептейбиз тугонду деп
0
kg.sity93
2014-12-27 15:44:21
Буларга только акча болуш керек.анан эсептейт антпесе акча жок деп отура беришет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан