Ош аэропортунун VIP-залынан куралчан белгисиз бирөөлөр жарандарды коркутуп, ичинде акчасы бар 4 баштыкты көтөрүп кетишти

Ош аэропортунун VIP-залынан куралчан белгисиз бирөөлөр жарандарды коркутуп, ичинде акчасы бар 4 баштыкты көтөрүп кетишти. Маалыматты 27-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Окуя бүгүн саат 10:00 чамасында болгон. Кылмышкерлер Ош-Үрүмчү багыты боюнча учууга даярданып жатышкан жүргүнчүлөр отурган бөлмөгө курал менен кирип барышкан. 
Маалыматка таянсак, бөлмөгө 5 адам кирип келген, айрымдарынын колунда болжол менен Калашников автоматы болгон. Төртөө "спецназ" деген жазуусу бар, кара түстүү формачан болушкан. Кара көз айнек тагынгандары, бирөөсүнүн колунда видеокамера болгону кабарланды.  
"Бөлмөгө кирип келгендердин бирөө "Спецоперация жүрүп жатат, баарыңар жаткыла!" деп буйрук берген. Бардык жарандарды курал менен коркутуп, жерге жаткырышкан соң, болжол менен 3-4 акча салынган баштыкты көтөрүп кетишкен. "Ошол акчанын ээси болушу мүмкүн" делинген бир жарандын колдорун скотч менен байлап, өздөрү менен кошо алып кетишкен. Алар Тойота Эстима үлгүсүндөгү автомашина менен изин жашырышкан. Унаанын номери - D0118. Бирок бул номер жасалма болушу мүмкүн.
Учурда жарандарга келтирилген чыгым, акчанын суммасы, болжолдуу акчанын ээсинин кайда экендигин аныктоо жана кылмышкерлерди кармоо боюнча аймактагы күч түзүмдөрүнүн биргелешкен ыкчам аракеттери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
miraiymka
2014-12-27 18:18:00
бир тааныш эже айтты эле,оргпн жакта иштеген вип залы баардык козомолдо камералар бар таптаза деп,чондор келгенде ошол жакта болушат берки обычный ункур чункур балит залды жонокой калкка гана а VIP зал чиновниктердики деп,а учуш учун ошол вип зал аркылуу учушат болуш керек,ойдодо айтылгандай фантастика боевик болуп кетиптир бул жагы.менин оюмча ошол жердин ишкерлери или же дагы бир чондор.
0
otuzuul
2014-12-27 18:42:56
atain ele dayardagango.. vip zalga men kirip kitaidan kelgen delegasiani toskonbuz, tiwki iwter kizmatkerleri bolup.. vip zal eng sonun, al jaktan urumqige uchkandar bolso anda alarda jonokoi adamdar emes,
0
M89
2014-12-27 18:45:46
Күзөтчүлөрдүн күчү карапайым эле адамдарга чыккан. Бир баштыгынды эки саат антарышып, аран отосун. Анан ошол абет капчандар келе жатканын корбой калгандары тан калыштуу. Иштерин так аткарышпайт.
0
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-27 18:47:20
Охраник орган кызматындагылар Москвадан учуп келген мекендештерди текшергенге эле кучу жетет тазалаш керек буларды
-1
freeman
2014-12-27 19:08:46
Urumchige uigurlar uchat da kobuncho, bir uigur bizdin bir patriot agabyzga tiyiwip koigon je tuura emes suilop algan.. owonun aiynan wybagasyn aldy menimche.. konok koidon joow boluw kerek da... tuura ele kylgan menimche...
+2
temirov76
2014-12-27 19:53:40
Актерлор кино тартып кеткен жок бекен?
+1
bessmertnyi
2014-12-27 20:05:16
Спецоперация деп киришиптир го. Маалыматта жазылып турат го. Спецназ деген жазуусу бар формачан киришкен деп. Спецназ киргенде охрана эчтеке кыла албайт.
+3
aziz.k
2014-12-27 21:25:27
bessmertnyi, туура айтасын
+1
Sadyrov_n93
2014-12-27 21:21:14
Оштун аэропорту жайма базардай эле болуп калган,охрана,тейлоо деген жокко эсе
0
Attokurov
2014-12-27 22:43:23
Оштон самалет угон кылат окшойм анда!
+1
erikkarakulja
2014-12-27 23:44:32
оперлер оздору кылыптыр анда ,акчаны болуп алышатдагы издеп атабыз жок болуп атат деп коета. Даны Бир байкуш куйуп кетида
0
Aksy-13
2014-12-28 17:56:18
Кошо алынып кеткен адамдын кимдигин такташпаптырбы.Акыры ал учуп кете турган адам болсо керектир.Ошол адамдын туура тиешеси болуш керек
0
IAMHAPPY
2014-12-28 19:30:50
Охранниктер без очеред учун акча алып жатышса керек эле да ошол мезгилде))))
занит болушуп)))
0
Janat78
2014-12-28 21:27:24
Жазылып туратко спетцназ деген жазуусу бар кийимчен деп аны коргондо сен кимсин деп кайсы охрана сурайт. Спетц операция десе ошо охранниктер оздору эшикти ачып киргизет.
0
nurbek0404
2014-12-28 23:21:21
өздөрү уюштурган интермедия
0
admin_portal
2014-12-29 09:27:42
chyngyz-KG, AnarRazakovich - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын--пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан