Кийинки жылы ажылык сапар 1000 долларга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда маалымат жыйынында Дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссиянын
бөлүмүнүн жетекчиси
Бактыбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, быйыл кыргызстандыктар 30 күнгө барышкан. "Ал эми ажылыктын мөөнөтү 5 күнгө эле созулат. Мындан улам ажылык сапардын мөөнөтүн 15-20 күнгө чейин кыскартууну пландап жатабыз",- деди Осмонов.
"Эгер 2014-жылы зыяратчылар 2400 доллар төлөсө, кийинки жылы бул бааны 1000 долларга чейин көтөрүү керек болууда. Анткени быйыл зыяратчылар акысыз берилген мейманканаларга нааразы болушту. Ал жерде шарттар өтө начар болгон. Ошентип, кийинки жылдын зыяратчылары ижарага бөлүнгөн мейманканаларда жашап, ыңгайлуу шарттарда болушат. Алар акча төлөгөндүктөн, талап кыла алышат",- деп толуктады Б.Осмонов.