"Ош электр" ишканасы 2014-жылдын 11 айында пайдаланылган электр энергия үчүн чогултулган каражаттардын жалпы суммасы 1 миллиард 584 миллион сом болгонун билдирди. Ал эми компания 1 миллиард 547 миллион сомдук продукция өндүргөн. Жыйынтыгында төлөмдөрдү чогултуу өткөн жылга салыштырмалуу 2,6 пайызга же 203 миллион сомго көбөйгөн. Быйыл январь-ноябрь айларында калктан төлөм чогултуудан 977,4 миллион сом түшкөн. Бул 2013-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 167 миллион сомго көп.