Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук жана маданий ишмерлер парламенттин жана эл аралык сыйлыктар менен сыйланышты

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңеште бир катар депутаттарга, мамлекеттик кызматкерлерге, коомдук жана маданий ишмерлерге Жогорку Кеңештин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун сыйлыктарын тапшыруу аземи болду. Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров тапшырды.  

Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен төмөндөгү депутаттар сыйланышты:

Чыныбай Турсунбеков, Айнуру Алтыбаева, Алмазбек Баатырбеков, Болот Шер, Өмүрбек Бакиров.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Содружество ордени менен депутат Нарынбек Молдобаев сыйланса, ассамблеянын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты: Наталья Никитенко, Майрамкүл Тиленчиева, Ыргал Кадыралиева. 

Жамааттык коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы үчүн аталган ассамблеянын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты: Каныбек Осмоналиев, Абдыманап Кутушев, Гүлнара Жамгырчиева, Эристина Кочкарова, Акылбек Эшимов.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак белгилери төмөнкү коомдук ишмерлер сыйланышты:

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, режиссёр Садык Шер-Нияз, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан