Жылнаама, 4-январь: Мындан 4 жыл мурун Дубайда 160 кабаттуу, бийиктиги 828 метр келген дүйнөдөгү эң бийик имарат "Бурж-Халифанын" ачылыш аземи болуп өткөн

* Мындан 72 жыл мурун, 1942-жылы акын, тамсилчи, бир катар насыят, санат, терме ырлардын жана поэмалардын автору Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулу) 82 жаш курагында каза болгон. Ал 1860-жылы 17-июнда Нарын өрөөнүнүн Куртка айылында туулган. Кийин Музооке ырчыдан тарбия алып, ырды 14 жашынан тартып жаза баштаган. Көбүнчө сүйүү ырларына кайрылган. 18 жашында Тыныбек манасчыга жолугуп, кошо жүрүп "Манасты" үйрөнгөн. Чыгармачылыгы көп кырдуу, тематикага бай. "Шырдакбек", "Жаңыл Мырза", "Мендирман" дастандарын айтып, жаздырган. "Манасты", "Семетейди" айтып элди көп кыдырган, санжыра жазган. Фольклордук сюжеттеги "Кемпир-чал", "Бабырган", "Телибай тентек" жана башка көптөгөн сатиралык ырлары, тамсилдери жана кошок ырлары бар. Акындын ысымы көптөгөн айылдарга, көчөлөргө коюлган. Тоголок Молдо Ардак белгиси ордени менен сыйланган.

* Мындан 205 жыл мурун, 1809-жылы көзү азиздер үчүн алиппени ойлоп тапкан француз окутуучусу Луи Брайль туулган. Анын атасы өтүкчү болгон. Луи Брайль 3 жашында атасынын устаканасында шибеге сыяктуу курал менен көздөрүнө залака келтирип алып, акырындан көздөрү көрбөй баштаган. Ал эми 5 жашында толугу менен эч нерсени көрбөй калган. 10 жашка толгондо атайын көзү азиздер үчүн мектепте билим алып, окуудан тышкары музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнөт. 1824-жылы көзү азиздер үчүн атайын шрифттерди ойлоп таап, ал Брайль шрифттери деп аталып калган. Ал атайын тамга, сандардан сырткары азиздер үчүн ноталардын жазылышын ойлоп таап, көзү көрбөгөндөргө музыкадан сабак берген. Луи Брайль 1852-жылы 6-январда 43 жашында Парижде каза болгон.
* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Дубайда 160 кабаттуу, бийиктиги 828 метр келген дүйнөдөгү эң бийик имарат "Бурж-Халифанын" ачылыш аземи болуп өткөн. Ири имараттын курулушу дээрлик 5 жылга созулуп, ага 1,5 миллиард доллар сарпталган. Ачылышына 6 миң адам катышып, майрам фейерверктер менен коштолгон. Ачылыш аземинин түз берилишин дүйнөнүн 2 миллиарддан ашык адамы көргөн. Имараттын негизги бөлүгү кеңселерге берилген. Антсе да анда ресторандар, бассейндер, мейманкана бөлмөлөрү жайгашкан. Мейманкананын дизайнын айтылуу Жоржио Армани иштеп чыккан. Имарат кызмат көрсөтүүчү адамдарды кошкондо 12 миң адамды батыра алган.
4-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан