Жалал-Абад облусундагы өзбек жана орус тилинде аталган көчөлөрдүн аталышы өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Үпөл Асаналиева билдирди. Анын айтымында, бул демилгени ал өзү ушул жылдын 17-июлунда КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ырыскелди Момбековдун катышуусунда өткөн коллегияда көтөрүп чыккан. "Учурда облус боюнча 140ка чукул орусча аталыштагы көчөлөр бар. Өзбек тилинде 10 көчө болсо, кыргыз тилиндеги аталыш менен болгону 50 көчө катталган. Эми бул демилге аймактык башкармалыктарга кат аркылуу жөнөтүлөт. Андан соң бул маселе Жалал-Абад шаардык депутаттардын Кеңешинин сессиясына коюлат. Эгер бул демилге депутаттар тарабынан колдоого алынса, анда элдин сунушун эске алуу менен көчө аталыштары кыргызчалана баштайт",- дейт ал. Ошону менен кафе, ресторан жана соода түйүндөрүнүн аттары да тескөөгө муктаж экендигин кошумчалады.