27-декабрь күнү Москва шаарындагы
SUPER.KG порталынын колдонуучулары кезектеги мега жолугушуусун өткөрүштү. Бул боюнча "Суперстан" бөлүмүнө атайын тема ачылып, жолугушуунун жүрүшүнөн сүрөттөр жарыяланды. Кызыктуу оюндар, ыр-бий менен коштолгон саамалык тууралуу жаңы жылдык кеченин уюштуруучуларынын бири
rnurzida аттуу форумчу билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүгү жумуштан кеч чыкканына байланыштуу жолугушуу 23:00дө башталган. Майрамдык жолугушууга жалпы 37 форумчу келип, кече Кыргызстандын гимнин ырдоо менен ачылган.
"Супер-форумчулардын мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна көптөр суктанып, порталга катталуу жолун сурап жатышты. Бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөндө кыргыздын ынтымактуулугуна салым кошуп, достошууга көпүрө болгон "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталынын жалпы жамаатына бардык форумчулар терең ыраазычылык билдиришет. Жолугушуубуз "Супер-Инфонун" гимни менен аяктады",- дейт ал.
Жаңы жылдык жолугушууну "Суперстанга" rnurzida, Mamalashka_2013, Deesmond деген логин менен кирген форумчулар уюштурушкан.