Нариман Түлеев менен Ахматбек Келдибековго Жогорку Кеңештен кадимкидей айлык берилүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттары Нариман Түлеев менен Ахматбек Келдибеков жана алардын жардамчылары ушул күнгө чейин Жогорку Кеңештен маяна алышууда. Муну депутат Айнуру Алтыбаева журналисттерге 30-декабрда билдирди. Анын айтымында, аталган депутаттар сот тарабынан айыптуу деп табылганча алар айлык акы алышат. Бирок транспорт маселелерине каражат бөлүнбөйт. 

Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, өткөн жылдын күзүндө камакка алынган эле. Быйыл август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кеткен.  

Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталууда. Ал 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. Анын негизинде Бишкек шаарынын Ленин райондук соту аны 11 жылга эркинен ажыраткан. Жакында шаардык сот Түлеевдин ишин карап, жыйынтыгында райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан