Темир Сариев: "Быйыл экономикалык өсүш 103 пайызды түздү"

Кыргызстанда быйыл экономикалык өсүш 103,5 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылы өкмөт жүргүзгөн экономикалык саясат дүйнөлүк, анын ичинде негизги соода өнөктөш болгон өлкөлөр: Орусияда, Казакстанда экономиканын басаңдоосуна карабастан, экономикалык жактан өсүштүн оң динамикасын кармап турууга жана өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берди. "Өткөн жылдын декабрына карата 2014-жылдын январь-ноябрь айларындагы инфляция 108,9 пайызды түздү",- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан