"Кыргызстанга кайткан мигранттарды ишке орноштурса болот" деди министр Сариев

"Орусиядан Кыргызстанга кайткан мигранттарды жумушка орноштурса болот",- деди экономика министри Темир Сариев. Муну министр бүгүн, 30-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Орусиядагы оор экономикалык кырдаалдан улам мигранттардын бир тобунун Кыргызстанга кайтышы күтүлүүдө. "Эгер аларды кайра окутсак, Кыргызстанда деле жумушка орното алабыз. Анткени айрым кесиптер боюнча бош орундар бар. Ал эми өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, жыл сайын 50 миң жумушчу орун ачып туруу керек",- деди министр.

Мындан тышкары Сариев учурда жумушчу топ Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин өлкөдө кырдаал кандай болорун изилдеп жатышканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан