Бишкек шаарынын тургуну, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жалгыз бой эне Айзада Кожобергеновага өкмөттүн резервдик фондунан 50 миң сом акчалай жардам бөлүндү. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 30-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка таянсак, А.Кожобергенова аз камсыздалган үй-бүлө, 1-топтогу майып, жалгыз бой эне жана туруктуу киреше булагы жок жаран катары Бишкектин Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турат.