Алмазбек Атамбаев, Асылбек Жээнбеков, Жоомарт Оторбаев жана Феруза Жамашева жыл жыйынтыгын талкуулашты

Бүгүн, 30-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен жолугушту. Жолугушууда 2014-жылдын жыйынтыктары жана өлкөнүн жогорку жетекчилеринин 2015-жылга пландары талкууланды.

Мамлекет башчы өтүп бара жаткан жыл кыйын болуп, бирок жалпысынан өлкө үчүн жакшы болгонун белгиледи. “Биргеликте биз өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөнү уланттык, Кыргызстанды өнүктүрүүдө маанилүү кадамдарды жасадык. Өлкөгө туруктуулук келди. Системдүү коррупцияга каршы күрөш жана соттук реформа жүрүп жатат. Биз биргелешкен аракеттер менен тартипти жана мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөдө маанилүү ийгиликтерге жетебиз”,- деди өлкө башчы.

Быйылкы жылдын эң маанилүү жетишкендиктеринин бири эл аралык коомчулук Кыргызстанды кедей өлкө катары эсептебей калганы болгонун айткан президент "бул өлкөнүн өзгөрүлүп, күчтөнүп келе жатканынан кабар берет” деп билдирди.

Мамлекет башчы жаңы жылда аталган жетекчилерге ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан