Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларга жана машыктыруучуларга даректүү колдоо көрсөтүү үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 900 000 (тогуз жүз миң) сом бөлүндү.
Колдоо алгандардын арасында байге уткан 5 спортчу жана 2 машыктыруучу бар. Алар президенттен тиешелүү акчалай сыйлыктарын мамлекет башчысы тарабынан сыйлануучулардын тизмесин түзгөн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин шалаакылык кылып, тизмени толук түзбөгөнүнөн улам албай калышкан.
Ошондой эле мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, 2014-жылдын 9-21-сентябрында Антверпен шаарында (Бельгия) өткөн Атайын Олимпиаданын V Евразиялык оюндарынын жеңүүчүлөрүнө бир жолку акчалай сыйлыктар бөлүндү.