Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга 29-декабрда кол койду.
Мыйзам 2014-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү тармагында улуттук мыйзамдарды Евразиялык экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүү.
Мыйзам Евразиялык экономикалык союзга кошулууга байланыштуу мыйзамдар пакетине кирет жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз тууралуу келишимге Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулуу жөнүндө келишими күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.