Бүгүн Бишкекте республикалык мода жумалыгынын ачылышы болот
Саналуу мүнөттөрдөн кийин Бишкектеги Орус драма театрында республикалык күзгү мода жумалыгы башталат. Иш-чара борбор калаабызда жыл сайын жазында жана күзүндө өткөрүлүп келет. Бул ирет аталган жумалык 11-ноябрга чейин уланып, Кыргызстандын алдынкы дизайнерлери өздөрүнүн коллекцияларын көргөзүшмөкчү. Мода жумалыгынын ачылышынан фоторепортажды эртең биздин www.super.kg порталынын Соңку кабарларынан көрө аласыздар.