"Кыргызстандагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди

Президент Алмазбек Атамбаев 29-декабрда “Кыргызстандагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алган.

Мыйзамдын максаты - техникалык жөнгө салуу тармагында улуттук мыйзамдарды Евразиялык экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүү.

Мыйзам Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулууга байланыштуу мыйзамдар пакетине кирет жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз тууралуу келишимге Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулуу жөнүндө келишими күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан