Каныбек Осмоналиев Калыс-Ордодогу мектептин курулуш иштери боюнча тиешелүү мекеме жетекчилери менен жолугушту

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев 29-декабрда Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунун тургундарынын кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарынын вице-мэри Бакыт Дүйшөнбиев баштаган тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-мэр Б.Дүйшөнбиев чет элдик компаниядан соцпакетинин негизинде каражат каралгандыгын, тез курулуучу конструкция менен мектеп куруу боюнча өкмөттүн чечими чыккандыгын айтты. Ошондой эле тиешелүү мекемелер иш жүргүзө баштаганын, курулуштун архитектуралык жагы бүтүп, конструктивдик жагы каралып жатканын тизмектеди. 

Мындан сырткары 1 нөөмөттө 750 бала окуй турган мектеп курулары, бул ишке дагы тиешелүү мамлекеттик органдардын көмөктөшүүсү зарылдыгы сыяктуу олуттуу деталдар такталды.

Комитет төрагасы К.Осмоналиев калыс-ордолуктарды өтө эле кам санай бербей, шаар мэриясынын аракетине ишеним артууга чакырып, ошол эле маалда мэрия жетекчилигине аталган келишимди тездетүү жагын табыштады. Ал бул маселе комитеттин көзөмөлүндө боло турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан