Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге "1-класстагы мамлекеттик кеңешчи" чинин берүү боюнча жарлыкка кол койду

29-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын саясий, жогорку администрациялык кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге жогорку класстык чиндерди берүү, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери боюнча сунуштарды кароо жана Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү боюнча комиссиянын сунушу кабыл алынсын жана төмөнкүлөргө класстык чиндер берилсин:

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси”:

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге;  

“Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси”:

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге;

Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Нурханбек Момуналиевге;

Каржы министри Ольга Лавровага;

Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановго;

Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиктин директору Сабир Атажановго;  

“Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси”:

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага;

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовго.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан