Бүгүн, 31-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Мыйзам долбоордун концепциясы мамлекеттик кызматта турган жарандардын мүлктүк укуктарын акцияларга, башка баалуу кагаздарга ээ болуу укугун берүү жолу менен коргоого багытталган. Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик кызматчылардын акцияларга, башка баалуу кагаздарга (уюмдардын уставдык капиталдарындагы катышуу үлүштөрүнө, пайларына) аларды башкаруу жана тескөө укугусуз ээ болуу укуктарын, анын ичинде мыйзамда каралгандан башка учурларда акционерлердин чогулуштарына катышуу укуктарын карайт.
Депутаттар аталган мыйзам долбоорун 3-окууда добуш берүүгө жиберишти.