Жогорку Кеңеш Алымбек датканын 215 жылдыгын өткөрүүгө макулдук берди

Бүгүн, 31-декабрда Жогорку Кеңеште 2015-жылы Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык мааракесин белгилөө жөнүндө токтом кабыл алынды.

Жыйында вице-спикер Төрөбай Зулпукаров баяндама жасап, президент Алмазбек Атамбаевдин, өкмөт башчынын жана спикердин атына Алымбек датканын мааракесин өткөрүү тууралуу 243 кишинин колу коюлган өтүнүч кат түшкөнүн айтты. “Алардын арасында ишкерлер да бар экен. Алар жардам беребиз деп айтып жатышат”,- деди Зулпукаров. 

Белгилей кетсек, Алымбек датка 1800-жылы Алай аймагында туулган. Ал жаш кезинен мамлекеттик иштерге жакындан аралашып, 1827-1862-жылдар аралыгында Кокон хандыгындагы бардык олуттуу окуялардын катышуучусу болгон. Ошону менен бирге ал өз алдынча кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө саясатын жүргүзгөнү белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан