Бүгүн, 31-декабрда Бишкек шаарында борбор калаанын мэриясы уюштурган жаңы жылдык карнавал өттү. Анда музыкант Аяз аталар, бийчи Кар кишилер, мультфильмдердин каармандарына айланган артисттер катышышты.
Парад Чүй - Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде башталып, "Ала-Тоо" аянтында аяктады. Карнавалдын жүрүшүндө катышуучулар мэрия, Ак үй, Профсоюздар үйү жана башка мамлекеттик мекемелердин алдынан өтүштү. Ал эми аталган аянтта концерт менен улантылды.
Айта кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө Жол-кайгуул кызматы Чүй проспектисин убактылуу жаап, тартипти көзөмөлдөп турушту.