Бүгүн, 31-декабрда Бишкекте улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салттуу музыка жумалыгын даярдоо жана өткөрүү иш-чараларына кошкон салымдары үчүн маданият чөйрөсүнүн, ММКлардын өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарада КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов сөз сүйлөп, жалпысынан 2014-жыл маданият үчүн бир топ жемиштүү болгонун белгиледи. Улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгынын бүтүндөй түрк дүйнөсүндө белгилениши Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин айтып, анын алкагында апрель айында Бишкек шаарында өткөн салттуу музыка жумалыгынын маанисин белгилеп өттү.
Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова, сүрөтчүлөр Майрамкул Асаналиев, Айтбүбү Бадахшанова, ырчы Эльзар Өскөнбаева жана башкалар сыйланышты.