2014-жыл: Жогорку Кеңештеги орчундуу окуялар

Быйыл Жогорку Кеңеш бир нече тарыхый чечимдерди кабыл алды. Алардын негизгиси - Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу мыйзам долбоорлорун кабыл алып бергени. Мындан тышкары Жантөрө Сатыбалдиевди өкмөт башчылыктан кетирип, ордуна Жоомарт Оторбаевди шайлады. Жогорку Кеңештеги 2014-жылдагы орчундуу окуялар тууралуу кыскача:

Январь

Жогорку Кеңештин жыйынындагы Өкмөттүк күндүн жүрүшүндө өкмөттүн өлкөнүн чек ара аймактарындагы социалдык-экономикалык абал жөнүндө маалыматы угулду. 

Февраль

Кыргыз парламенти 5-6-февраль күндөрү Кумтөр долбоору жөнүндө Жогорку Кеңештин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы №3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы №3508-V токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын укту жана аны кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Жогорку Кеңеш өзүнүн кабыл алган токтомунда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчилигинин ишин жетиштүү эмес деп тапты.

Төрага Асылбек Жээнбеков Корея Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын спикери Канг Чанг-Хи менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын ортосунда парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Март

Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге ишеним көрсөтпөө тууралуу маселе көтөрдү.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аксы окуясында курман болгон жарандарды эскеришти.

Ырыс алды – ынтымак парламенттик көпчүлүк коалициясынын төрагасы Феликс Кулов коалициянын таркалышын расмий жарыялады. 

Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо уюмдарына караштуу жер тилкелери менен имараттарды ижарага берүү жана менчикке сатуу абалы жөнүндө токтом кабыл алды. 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы премьер-министр кызмат ордуна Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин жактырды.

Жогорку Кеңештин КСДП, Ата Мекен, Ар-намыс фракциялары парламенттик көпчүлүк коалициясы жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Апрель

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлгөндүгү расмий жарыяланды.

Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитти.

Ынтымак депутаттык тобунун парламенттик көпчүлүк коалициясына кошулганы жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Кыргызстанга ЕКПАнын демократия боюнча өнөктөш статусу ыйгарылды.

Жогорку Кеңеш башкы прокурор Аида Салянованын отчётун канааттандырарлык деп тапты.

Жогорку Кеңештин демилгеси менен иштелип чыккан “Юридикалык терминдердин жана башка түшүнүктөрдүн кыргызча-орусча сөздүгү” жарык көрдү.

Парламенттик көпчүлүк коалициясы өкмөттүн 2013-жылга карата иши жөнүндө премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин отчётун укту.

Май

Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кириши: оң жана терс жагдайлар” деген темадагы парламенттик угуу өткөрүлдү.

Жогорку Кеңеш премьер-министрдин 2013-жылга карата өкмөттүн иши жөнүндө отчётун укту.

Июнь

Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын төрагасынын 2013-жылга карата Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү боюнча отчётун канааттандырарлык деп тапты.

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасынын 2013-жылга карата Улуттук банктын ишмердүүлүгү боюнча отчётун канааттандырарлык деп тапты.

Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын V жыйыны Ярославль шаарында өттү.

“2014-2015-жылдардагы күз-кыш мезгилинде жаратылыш газынын жетишсиздигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын бардык аймактарын, өзгөчө Ош, Жалал-Абад шаарларын, Ош облусун электр кубаты жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

“Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынды.

Сентябрь

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын калкын жана экономика тармактарын 2014-2015-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө маалыматты эске алды.

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, токтомдорун жана Жогорку Кеңештин башка чечимдерин аткаруу боюнча, ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо, мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча мыйзам алдындагы укуктук актыларды даярдоо жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулду.

Октябрь

Жогорку Кеңеш Бажы союзуна мүчө өлкөлөрдүн мыйзам базасына Кыргызстандын мыйзамдарын ылайык келтирүү боюнча мыйзам долбоорлор пакетин 1-окууда кабыл алды.

Жогорку Кеңеш маданият, маалымат жана туризм министри кызмат ордуна Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин жактырды.

“Манас” эпосунун үчилтигин – “Манас”, “Семетей”, “Сейтекти” ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү жөнүндө сертификаттын көчүрмөсү “Манас-Ордо” улуттук комплексине тапшырылды.

Жогорку Кеңеш өлкөнүн санариптик телерадиоберүүгө өтүү маселесин карады.

“Билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Кыргызстанга Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко расмий иш сапар менен келди.

Жогорку Кеңеште Талас облусундагы төө буурчакты өндүрүү жана экспорттоо боюнча түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат угулду.

Ноябрь

Асылбек Жээнбеков Москва шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин, Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту.

Жээнбеков Казакстан парламентинин төрагасы К.Жакупов жана Москва шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Бажы биримдигине кирүүгө байланыштуу мыйзам долбоорлорунун пакети экинчи окууда кабыл алынды.

“Жаштар парламенти” долбоору жыйынтыкталды.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматын укту.

Жогорку Кеңештин депутаттары КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын төш белгилери менен сыйланышты.

Декабрь

Жогорку Кеңеш “2015-жылга карата Кыргыз Республикасынын бюджети жана 2016-2017-жылдарга карата болжолдору жөнүндө” мыйзамды кабыл алды.

Өкмөттүн 2013-жылга карата республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчёту кабыл алынды.

“Манас” үчилтиги Адамзаттын рухий мурастарынын дүйнөлүк тизмесине киргизилди.

Жогорку Кеңеш билим берүү, илим министри кызмат ордуна Эльвира Сариеванын, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Айбек Азыранкуловдун, вице-премьер-министр кызмат ордуна депутат Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан