Президент Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 31-мартында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргызстандын өкмөтү менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы эки көпүрөнү жана автомобиль жолдорунун тилкелерин куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 4-декабрында кабыл алынган.
Ушул документке ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.