Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы 2015-жыл менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда булар айтылат:
“Урматтуу мекендештер!
Жаңы жыл - адамзаттын эң байыркы майрамдарынын бири. Ондогон кылымдар, миңдеген жылдар мурун адам баласы кыштын бир мезгилинде күндөр эң кыска, түндөр эң узун болгонун байкаган. Ааламды бүтпөс түн басып, күн чыкпай койбосун деп абдан корккон. Ошондуктан кыскарып бара жаткан күн кайрадан узарып баштаганда жан дилинен сүйүнүп, майрамдаган. Анткени күндүн кайрадан узарып баштаганы өмүр уланат, жашоо уланат дегендин белгиси болчу. Азыркы календарь боюнча ошол күндөр 24-25-декабрга туш келет. Бирок биз бул майрамды Жаңы жыл деп, 1-январда майрамдайбыз.
Демек, Жаңы жыл майрамы - адамзаттын, жашоонун, өчпөс үмүттүн майрамы. Ошондуктан баарыбыз үчүн бул эң сүйүктүү майрамдардын бири. Азыркы күнү да, байыркы замандагыдай, адам баласы Жаңы жылды үмүт менен, жакшы тилек менен тосот.
Жаш бала болобу же карыя болобу, секелек кыз болобу, боз улан болобу - баары тең Жаңы жыл жакшылык, ийгилик алып келет деп ишенип, жүрөктөрүнө үмүт толот.
Урматтуу мекендештер!
Эски жылды “рахмат” деп узатып, Жаңы жылды үмүт менен тосуп жатканда мен сиздерге ата-бабаларыбыздан калган байыркы сөздү айткым келет:
Телегейиңер тегиз болсун,
Тубар малыңар эгиз болсун!
Башыңардан бак кетпесин,
Душмандардын каргышы жетпесин!
Корооңор кыктуу болсун,
Конушуңар ыктуу болсун!
Үйүңөр керегелүү болсун,
Дасторконуңар берекелүү болсун!
Уулуңар күчтүү болсун,
Уюңар сүттүү болсун!
Кыз-келин эптүү болсун,
Неберелер кептүү болсун!
Өрүшүңөр жайык болсун,
Өмүрүңөр узак болсун!
Кудай тилегибизди кабыл кылсын. Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин!
Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!
Куттуктайм!”