Москвада иштеген мигранттар үчүн патенттин баасы кымбаттады

Москвадагы мигранттар үчүн 1-январдан баштап патенттин баасы 4 миң рублга чейин кымбаттады (айына). Буга чейин бул документтин баасы 1200 рубль болчу. Патент ала турган жарандар медициналык маалым кат жана орус тили, Орусиянын тарыхы жана өлкөнүн негизги мыйзамдары боюнча тапшырган сынагынын жыйынтыгы тууралуу сертификат көрсөтүшү керек. Бир айлык мөөнөткө берилген патенттин мөөнөтүн бир жылга чейин узартып алууга болот. Документти мигранттар Орусияга кирген учурдан кийинки 30 күндүн ичинде алышы шарт, баасы аймактарда ар башкача.

Москванын Экономикалык саясат жана өнүгүү департаменти патентти кымбаттатуу орусиялыктардын жогорку квалификацияны талап кылбай турган адистиктер боюнча эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн теңдөөгө жардам берет деп эсептейт. Мындан тышкары жаңы систем бюджетке кошумча 12 миллиард рубль киреше алып келери айтылды.  

Москва мэриясынын маалыматы боюнча, Орусиянын борбор шаарында мыйзамдуу жүргөн 900 миңдей мигрант бар.

Эскерте кетсек, Орусия жакында мигранттарга болгон квотаны жокко чыгарып, чет элдик жарандардын юридикалык жана жеке жактарда атайын келишим же патент менен иштөөсүнө уруксат берген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан