2014-жылга сереп: "Кумтөр" талашы, Бажы союзу, өлкө жарымынын газсыз калышы коштогон бир жыл

2014-жыл сапарын карытты... Оштун мэрин алмаштыруудагы ызы-чуу менен башталган жыл Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулуу келишимине кол коюу менен аяктады. 12 айдын ичинде орун алган айрым урунттуу саясий окуялар төмөндө.

Январь:

15-январда Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо өттү. Бишкек шаарынын мэри болуп Кубанычбек Кулматов (жалгыз талапкер болуп чыккан Кулматовго шаардык кеңештеги 45 депутаттын 41и добушун берди), Ош шаарынын мэри болуп Айтмамат Кадырбаев (25 депутаттын добушун алган) шайланды. Ош шаарынын мэрлигине экинчи талапкер Мелис Мырзакматов 19 добуш алды. Мындай жыйынтык Мырзакматовдун тарапташтарынын арасында толкундоо жаратканы белгилүү. Экс-мэрди жактаган бир нече миңдей адам Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өткөрүп, облустук администрациянын имаратын басып алууга аракет жасашты, айрым милиция кызматкерлери таш бараңга алынды. Чогулгандарды Мырзакматов тынчтандырып, "Булар жеңишин жууп, шампан ичип турушсун. Булар менен чилде чыкканда, жазында эсептешебиз" деп билдирип, чогулгандарды таркатты.

Февраль:

Жогорку Кеңеш 6-февралда талаш-тартыш менен "Кумтөр" маселеси боюнча атайын токтом кабыл алды. Тактап айтканда, парламент "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү боюнча ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган меморандумду колдоду. Келишимди мындан да жакшыртуу үчүн өкмөткө 3 ай мөөнөт берилип, эгер токтомдогу пункттарга "Центерра" макул болбой койсо, анда ишкананы улутташтыруу маселесин Жогорку Кеңешке сунуштоо тапшырмасы жүктөлгөн.

Мындан кийин парламент депутаты Эркин Алымбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берип, БШК 8-февралда депутаттын арызын канааттандырды. Эскерте кетсек, парламентте 5-февраль күнү “Кумтөр” боюнча өкмөттүн меморандуму каралып жатканда Эркин Алымбеков “өлкө кызыкчылыгына жооп бербеген бул келишим парламентте колдоо тапса, мен депутаттыктан кетем” деп билдирүү жасаган эле.

Март:

Кыргызстандын ошол кездеги айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевге 4-мартта кылмыш иши козголду. Экс-министр "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталды, тактап айтканда, министр болуп турганда өзүнүн бир тууганы С.Узакбаев жетектеген “Бапа” дыйкан чарбасына мыйзамсыз түрдө 419 миң доллар насыя берүү үчүн кол алдындагыларга буйрук бергени айтылды. Аталган дыйкан чарба насыя алуучуларга тийиштүү болгон талаптарга жооп берген эмес. 2014-жылдын 4-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-министрди күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирди. Соттук иштердин аягына чейин күнөөсүн моюнга албай келген Ч.Узакбаев жыйынтыгында "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп табылды.

Жогорку Кеңеш 6-мартта оор кылмыштарды кечирбөө тууралуу мыйзам кабыл алды. Документке каттоодон өткөн 84 депутаттын 55и “макул”, 29у “каршы” добуш беришти. Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыккан бул мыйзам өзгөчө оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарат. Башкача айтканда, мыйзам күчүнө киргенден кийин "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталгандарды кайсы учурда болбосун жоопко тартууга болот. Буга чейин мындай кылмыштар 10 жылдан кийин "эскирди" деп табылып, күнөөлүүлөрдү жазалоо мүмкүн болбой калчу. Мыйзамга 22-апрелде президент Алмазбек Атамбаев кол коюп, документ күчүнө кирди.

Бишкектеги “Манас” аба майданындагы АКШнын Куралдуу аба күчтөрүнүн Жүк ташуучу транзиттик борбору 11-июлда расмий түрдө жабылды.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы 18-мартта көпчүлүк коалициянын курамынан чыгып, эртеси президент Алмазбек Атамбаев Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөттү отставкага кетирүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президент жаңы коалиция түзүү укугун КСДП фракциясына берди, жыйынтыгында 31-мартта "Ата Мекен", КСДП жана "Ар-намыс" фракцияларынан жаңы коалиция түзүлдү (мурунку коалициянын курамында деле ушул фракциялар болчу).

Өкмөттү жетектеп турганда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге бир нече олуттуу иштер боюнча сындар айтылды. Алардын сап башындагысы - “Кумтөр”. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары "Центерра" менен сүйлөшүүдө ишканадагы кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга жеткире алган жок, тескерисинче, өкмөт башчы "Кумтөргө" адвокат болуп алды" деп чыгышкан. Мындан тышкары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясын жетектеп турган кезиндеги мыйзам бузуулар, бир нече миллиард сомдун дайыны жок коротулганы айтылса, кримчөйрөнүн өкүлү Азиз Батукаевдин абактан бошотулуусу да өкмөттү отставкага кетирүүгө себепкер болду.

Апрель:

Жогорку Кеңеш 3-апрелде Жоомарт Оторбаев башында турган жаңы өкмөттү бекитти. Жаңы курамга 103 депутат "макул", 5 депутат "каршы" деп добуш берди. Өкмөттүн программасына 104 депутат "макул", 5и "каршы", өкмөт түзүмүнө 103 депутат "макул", 5и "каршы" деп добуш берди. Оторбаевди премьер-министр кылып дайындоого президент Алмазбек Атамбаев 4-апрелде буйрук чыгарды.

10-апрелде Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы сейил бакта Улуттук оппозициялык кыймылдын митинги өттү. Ага кыймылдын лидерлери Равшан Жээнбеков, Камчыбек Ташиев жана кыймылдын башка мүчөлөрү катышты. Республиканын башка облустарынан да катышуучулар келишти. Митинг 6 саатка созулуп, оппозиция бийликке 6 талап койду.

1. Адам укуктарын бузгандыгы үчүн, митингге келгендерди кармап-камагандыгы үчүн Алмазбек Атамбаев отставкага кетсин.

2. Күнөөсүз куугунтукталып ("Кумтөр" маселеси боюнча өткөн саясий акцияларга байланыштуу) жаткан саруулуктарга куугунтук токтотулсун. Камалгандары бошотулсун.

3. Жогорку Кеңеш элдин үмүтүн актабагандыгы үчүн таркатылсын.

4. Нааразычылык акциялары мындан ары да токтобой улансын.

5. Бийлик саясий кызыкчылык үчүн жаап койгон Бишкек-Ош жолу ачылсын.

6. Ахматбек Келдибеков үй камагына чыгарылсын.

14-апрелде Өзбекстан эскертүүсүз түрдө Кыргызстандын түштүк аймагына жаратылыш газын берүүнү токтотту. Бул кадамын коңшу өлкө келишимдин мөөнөтү бүткөнү менен байланыштырган. Мындан кийин түштүк аймагында жашаган тургундар газсыз калып, көгүлтүр отун жылдын аягында, тагыраак айтканда, 2014-жылдын 30-декабрында бериле баштады. "Кыргызгазды" сатып алып, өлкөгө газ жетирүү жоопкерчилигин моюнга алган "Газпром" компаниясы менен кыргыз өкмөтү 8 жарым ай бою газ маселесин чече албай турду.

Май:

27-майда "коррупция" беренеси боюнча айыпталган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышып, Ош - Эркеч-Там унаа жолун буушту. Эл чогулган жерге бир нече боз үй тигилди. Топтолгондор Келдибековду бошотуу, башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан алуу жана башка талаптарды коюшкан. Бир айга чукул жабык турган жол 22-июнда ачылды. Бул аралыкта Кытайдан Кыргызстанга жүк ташыган унаалар өтө алышпай, өлкө базарларында баалардын кымбатташы орун алды.

Июнь:

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин каржылык кеңешчиси Евгений Гуревич 5 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Нью-Йорк шаарындагы Бруклин федералдык соту Е.Гуревичти 2012-жылы “Фейсбук” компаниясынын акцияларын сатып алууга байланыштуу алдамчылык кылмышына күнөөлүү деп тапты. Анын жактоочусу Марк Агнифило: “Гуревич "Фейсбукка" акча жумшайм” деген шылтоо менен М.Бакиевди алдап, андан акча уурдаган. Ошол эле учурда кардарым АКШ менен кызматташкан”,- деди соттук отурумдун жүрүшүндө.

Июль:

Улуттук оппозициялык кыймыл “ата журтчу” Камчыбек Ташиевди кыймылдын мүчөлүгүнөн чыгарды. УОКтун тең төрагасы Камчыбек Ташиев президент Алмазбек Атамбаевдин позициясын колдогону үчүн 23-июлда кыймылдан чыгарылганы айтылды. Кыймылдын төрагасы Равшан Жээнбеков бул оппозициялык топтун чечими экенин айткан.

Айта кетсек, 9-июлда Камчыбек Ташиев телеканалдардын бирине берген маегинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин коррупция менен каршы күрөшүү позициясын колдоорун жана азыркы бийлик менен мамилесин жакшыртарын айткан. Ошондой эле 2012-жылдын 3-октябрындагы митингден кийинки аракеттери туура эмес болгонун моюнга алып, бийлик адамдарынан кечирим сураган. Камчыбек Ташиев: "Акыркы эки жыл ичинде жасаган туура эмес иштерим үчүн ар бир кыргызстандыктан жана бийликтеги адамдардан кечирим сурайм",- деген.

25-июлда 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик соту өкүм чыгарды.

Качкын президент Курманбек Бакиев өмүр бою, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, Марат Бакиев 10 жылга, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою, "Альфа” атайын кызматынын мурунку командири Алмаз Жолдошалиев 6 жылга, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басарлары Нурлан Тимирбаев менен Данияр Дунганов 25 жылга, президенттин мурунку кеңешчиси Эльмурза Сатыбалдиев жана мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов 10 жылга, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Каныбек Жороев менен президенттик катчылыктын мурунку башчысы Оксана Малеваная 10 жылга эркинен ажыратылышты.
Мурунку коргоо министри Бактыбек Калыевге карата кылмыш иликтөө иштеринин токтотулушу тууралуу чечим чыгарылса, УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталинов 20 жылга эркинен ажыратылды.
Август:

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 айдан бери тергөө абагында жаткан Ахматбек Келдибековду сот залынан бошотуп, үй камагына чыгарды. Өкүм 1-августта чыгарылды. Буга чейин айыпталуучунун жактоочусу Татьяна Чильникина соттон Ахматбек Келдибековду оорусуна байланыштуу үй камагына чыгарууну суранган. Сот отурумунда айыпталуучу Келдибеков дагы “Мен күнөөсүз экенимди далилдеп берүүгө даярмын. Менин ден соолугум маанилүү” деп, чет өлкөдөн дарыланып келүүгө уруксат сураган эле.

Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, Ахматбек Келдибековдун ден соолугу калыбына келгиче соттук териштирүүлөр убактылуу токтотулат. Учурда депутат чет өлкөдө, анын дарылануудан өтүп жатканы айтылууда.

Сентябрь:

22-сентябрда Кыргызстанга автоунаа алып кирүүдөгү бажы алымдарын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, ушул күндөн баштап унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша 1 куб сантиметрине 10-15 центке (болжол менен 5,4-8,1 сом) кымбаттамакчы. Учурда 2000 сантиметр куб кыймылдаткычтуу унаанын бажы алымы 600 доллар болсо, 22-сентябрдан тарта анын үстүнө 200 доллар, ал эми 3000 сантиметр куб кыймылдаткычтуу унаага 450 доллар кошулат. 2015-жылдын 1-январынан тарта бажы алымы дагы 50 центке көбөйүп, бажы алымдары 5 этап менен 2020-жылга чейин өсөт.

Октябрь:

20-октябрда "Республика" жана "Ата Журт" партиялары бириккенин расмий түрдө жарыялашты. Аталган партиялардын биргелешкен курултайында "Республиканын" лидери Өмүрбек Бабанов буларды айтты: "Келечек, балдарыбыз үчүн биригип жатабыз. Эптеп депутат же министр болуу биздин максатыбыз эмес. Мандат алууну же тууганын министр кылгысы келгендер биздин катарыбызда болбошу керек. Максатыбыз - бардык тармакта кардиналдуу реформаларды жасоо, Кыргызстанды алдынкы 5 өлкөнүн катарына кошуу жана азыркы башкаруу системин бузуу. Бүгүнкү Конституция өз миссиясын аткарып бүттү. Биз башкаруунун эки формасын сунушташыбыз керек: парламенттик башкарууну тандасак, анда Германияны алалы. Премьер-министр ички-тышкы саясатты жүргүзөт. Президенттин таасири болбойт. Эгер президенттик башкарууну тандасак, анда Американын моделин алалы. Жоопкерчилик президенттин моюнунда, премьер-министр болбойт".

Ал эми буга чейинки "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев: “Жеке мен Өмүрбек Бабановго ишендим. Анын мамлекетти оңдоодогу пландары мени ынандыра алды. Мен айтып коёюн, жумурткадан кыр издеген айрым саясатчылардын бизди бөлүп-жаруу аракеттери ишке ашпайт. Мындай эки ири партиянын биригиши өлкө тарыхында биринчи жолу болууда”,- деп билдирди.

Ноябрь:

Башкы прокуратура 28-ноябрда Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовго кылмыш ишин ачып, ага издөө жарыялады. Экс-мэр "шаардагы эстакадалык көпүрөнү курууда кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталууда. Тактап айтканда, "бюджеттин абалына карабай туруп, кымбат баалуу курулушту баштоо үчүн кол алдындагыларга буйрук берди" деген күнөө тагылды. Мырзакматов бүгүнкү күнгө чейин табыла элек, анын чет өлкөдө экени белгилүү болду.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турган убагында мыйзамсыз киреше алуу максатында топ түзгөнү, Аманбаеванын талабынын негизинде аталган борбордун медайымдары дарыканадан алынуучу кургак учукка каршы маанилүү препараттардын жана дезинфекциялык каражаттардын санын жогору кылып көрсөтүшүп, бюджеттин эсебинен акча жегени айтылды. Анын кесепетинен мамлекет 17 миллион 263 500 сом зыян тартканы маалымдалды. Депутаттын иши тергелип бүтүп, материалдар жакында сотко жиберилгени белгилүү болду.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге 25-ноябрда кылмыш ишин козгоду. 2014-жылдын 12-майында УКМКнын Тергөө башкармалыгы 2013-жылдын сентябрында медициналык факультетке 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз-Орус Славян университетинин жооптуу кызматкерлерине "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 24 абитуриент Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевдин каты менен окууга киргизилгендиги аныкталган. Осмоналиевдин абитуриенттердин ата-энелеринен ортомчулар аркылуу 14 000 доллар алып, 27 абитуриентти "бийик тоолуу аймактардан, табигый кырсыктардан жабыркагандар, майыптар, аз камсыз үй-бүлөлөрдөн" деп, аларды КОСУга киргизүүнү караштыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдогону маалымдалды.

Декабрь:

11-декабрда Кыргызстанда электр энергиясына жана жылуулукка болгон жаңы тарифтер күчүнө кирди. Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 киловатт-саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашыкча пайдаланылган электр кубаты үчүн 2 сом 05 тыйындан төлөшөт. Ал эми жылуулук үчүн тариф турак жайдын аянтына жараша эсептелип, 917 сомдон төлөө башталды.

23-декабрда Кыргызстандын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулушу боюнча келишимге кол коюлду (мындан ары жаңы биримдик Евразиялык экономикалык союз деп аталат). Документке 23-декабрда Москва шаарында кол коюлду. Келишимди эми Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрүшү керек. Кыргызстан аталган уюмга 2015-жылдын май айынан баштап толук кандуу мүчө болору айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан