Кыргызстандын муфтиятынын расмий сайтына хакерлер кол салышты. Учурда сайттын башкы баракчасынан тапанча кармап турган кыздын сүрөтү көрүнүүдө. Мындан тышкары анда "Эркин Сирия", "Эркин Палестина", "Колдон келбей турган нерсе жок", "Алжирден келген чабуул" деген жазуулар бар.
Муфтияттын басма сөз кызматынан
SUPER.KG порталына билдиришкендей, бул хакердик чабуул Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын саясатына каршы чыккан топтор тарабынан уюштурулушу мүмкүн.
"Чабуул 3-январда орун алган. Учурда сайтты түзгөн адистер оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө",- деди муфтияттын басма сөз катчысы
Асан Саипов.