Марий Эл Республикасынын Ички иштер министри Вячеслав Бучнев өзүн өзү өлтүрдү

Орусиянын аймагындагы Марий Эл Республикасынын Ички иштер министри Вячеслав Бучнев өз өмүрүнө кол салып, каза болду. Маалыматты Орусиянын ИИМинин басма сөз кызматы 3-январда билдирди. Анда айтылгандай, Бучнев 3-январда өз жумуш ордунда тапанча менен өзүн аткан. Ал 2014-жылдын 26-декабрында эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени айтылды. Мамлекеттик Думанын Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Александр Хинштейн социалдык түйүндөрдүн бириндеги өздүк баракчасына Бучневге “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголушу керек экендигин буга чейин жазып чыккан. Учурда министрдин өлүмүнүн себеби иликтенип жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан