Бүгүн, 5-январда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушууда 2015-жылга республикалык бюджеттин негизги параметрлери жана аны аткаруу боюнча Каржы министрлиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана министрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары талкууланды.
Мамлекет башчысы Каржы министрлигинин жана өлкөнүн башка мамлекеттик органдарынын Кыргызстанда макроэкономикалык туруктуулукту сактоодо жана туруктуу экономикалык өсүүнү камсыз кылууда биргелешип иш жүргүзүү тапшырмасын койду.